«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жанданттыМай айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралууЧүй облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат4-мартка карата аба ырайы
Жалал-Абадда жаңы төрөт үйү курулат
15.01.2024 | 19:50
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, имарат 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы болот.
“Перинаталдык борборго бюджеттен 220 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы, чоңдор жана балдар үчүн бир–бирден өзүнчө реанимациялык блок болмокчу. Курулуш ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында бүтөт”, – деди Облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар