Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз элинин атынан гумжардамды жеткирүүдө өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырды.

Алгач министр Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы деректаратынын башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен телефон аркылуу байланышып, гумжардамды топтоодо эң зарыл болгон муктаждыктарды талкуулашкан.

Өз кезегинде Палестинанын министри качкындардын лагеринде таза суу, тамак-аш жана дары-дармек тартыштыгы күч алганын билдирген.

ӨКМ Кыргызстандын атынан азык-түлүк, ичүүчү суу, төшөнчү жана бут кийим түрүндөгү 5,5 тонна гуманитардык жардамды Россиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 22-23-декабрь күндөрү жеткирди. Москва шаарынан учкан жүк ташуучу учак Газа тилкесине чектеш Египеттин аба майданына конуп, гумжардам Кызыл Жарым ай коомунун ыктыярчыларына тапшырылган.

Соңку маалыматтарга ылайык, Газага карата Израиль армиясынын абадагы жана жердеги куралдуу операцияларынан улам кеминде 23 миң адам каза таап, 57 миңден ашуун адам жаракат алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>