Жалпы республикалык тестке онлайн катталуу башталдыКыргызстан Индиянын аскердик-деңиздик машыгууларына катышуудаКазакстандагы конституциялык реформа: Парламенттин күчөтүлүшү, светтик статус жана салттуу баалуулуктарды бекемдөөБишкекте 77 жаштагы аял алдамчыларга 850 миң сом которгон. 22 жаштагы шектүү кармалдыАКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алуу талаптары күчөтүлдүКыргызстан боюнча пайдалуу саякаттаңыз: MBANK MTravel сервисинде 10% кешбэк ишке киргизди
Лейлекте 70 жыл мурун салынган мектептин жаңы имараты курулат
19.01.2024 | 17:50
Баткен облусунун Лейлек районунун Ай-Көл айылынын Н.Батыров атындагы орто мектебинин жаңы имараты курулат.
Окуу жайы 1954-1955 жылдары аймактагы малчылар жашоочу үй багытында салынган. Ага 1963-жылы Гордой айылындагы “8-март” башталгыч мектеби көчүрүлгөн. Кийинчерек ашар жолу менен чоңойтулуп, жалпысынан 140 орундуу орто мектеп болуп, балдарга жалпы билим берүү мекемесине жараша ыңгайлаштырылган.
Азыркы учурда мектепте 284 окуучу билим алып, 31 мугалим эмгектенет.
Жаңы имараттын курулушу 70 миллион сомго бааланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом