Ошто үч жигит 200 миң сомго уурулук кылган деп кармалды

Ошто үч жигит 200 миң сомго уурулук кылган деп кармалды

Ош шаарында ноутбук уурдоого шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-январга караган түнү белгисиз адамдар А.Навои көчөсүндөгү электрондук техника саткан дүкөндүн эшигин бузуп кирип, 5 ноутбук жана алардын аксессуарларын уурдап кеткен. Бул боюнча дүкөндүн ээси милицяга кайрылган. Ага келтирилген материалдык зыян 200 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2006-жылы туулган С.К., 2003-жылы төрөлгөн Р.А. жана 2004-жылы туулган Б.К. уулу кармалган. Шектүүлөр уурдалган 3 ноутбукту күрөөканаларга 13 миң, 8 миң жана 13 миң сомго коюп, 2 ноутбукту сатууга жетишпей калган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган топ ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги, дагы бир нече дүкөнгө уурулукка киргендиги аныкталган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

 

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>