Сурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдаштыУлуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыТрамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталды
УКМК сойкулукту жарнамалаган инстаграм баракчаны жапты
31.01.2024 | 15:36
Таласта интимдик кызматты жарнамалаган инстаграм аккаунт жабылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, «intim_07_tls» баракчасынын администратору кыз-келиндердин сүрөтүн жарыялап, алардын дареги үчүн 500дөн 2 миң сомго чейин алып турган. Акчаны алгандан кийин убадасын аткарбай, кардарларга даректерди берген эмес.
Коопсуздук комитети Талас облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте баракчаны жүргүзгөн жаранды колго түшүрдү.
«intim_07_tls» аркылуу кардар тапкан үч аял Бишкектен табылып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом