Зулушев мурдагы президенттерге козголгон кылмыштери боюнча маалымат берди (видео)

Зулушев мурдагы президенттерге козголгон кылмыштери боюнча маалымат берди (видео)

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандын мурдагы президенттеринин кимисине карата кылмыш иши бар экенин айтты.

Анын билдирүүсүндө, Бакиев менен Атамбаевге карата козголгон кылмыш иштери дагы эле күчүндө. Ал эми Аскар Акаевдин Кумтөр боюнча иште күнөөсү далилденбегендиктен жабылган.

«Өзүңүздөргө маалым, Бакиев Курманбек Салиевичке кылмыш иши козголгон, бир нече иш боюнча сыртынан соттун өкүмдөрү чыккан. Кумтөр боюнча Аскар Акаевге кылмыш иши ачылып, күнөөсү далилденбегендиктен ал иш кыскарган (жабылган). Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке карата 9 кылмыш иши бар. Бүгүнкү күнү соттук кароодо турат. Ооруганына байланыштуу соттун чечими менен чет мамлекетке чыккан. Кайтып келсе, соттук териштирүүлөр улантылат», — деди ал.

Эскерте кетсек,  Садыр Жапаровго чейин беш президенттин ичинен Сооронбай Жээнбеков (2017-2020-жылы) менен Роза Отунбаевага (2010-2011-жылы) гана кылмыш иши козголгон эмес.

Алмазбек Атамбаевдин канча иши сотто каралууда? Расмий жооп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>