2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылдыОкуучулар мартта 3 гана күн эс алышат. Министрлик себебин түшүндүрдүЧоң-Кеминдеги талаадан уча албай калган ак куу табылды
БШК Эмил Жамгырчиевди мандаттан ажыратты
02.02.2024 | 12:31
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Эмил Жамгырчиевди мандаттан ажыратты.
Жамгырчиевди мандатынан ажыратуу маселесинде комиссиянын 11 мүчөсү “макул” деп добуш берди. Эми БШК анын мандаты кимге тиерин чечет.
Ошондой эле БШК Оргалча Токтобүбүнү «Альянс» cаясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен алып салуу маселесин карап, аны тизмеден чыгарды.
Эскерте кетсек, Эмил Жамгырчиев “чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө” шектелүүдө. Ал 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом