Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин депутаты болду
02.02.2024 | 12:46
Борбордук шайлооо комиссиясы «Альянс» cаясий партиясынын атынан Айсулуу Мамашованы депутат катары каттады.
Бул чечимди комиссиянын 11 мүчөсү колдоду. Айсулуу Мамашовага күбөлүк менен төш белги тапшырылды. Ал соттун чечими менен мандаттан ажыратылган депутат Фарходбек Алимжановдун ордуна келди.
Эскерте кетсек, буга чейин Айсулуу Мамашова (“Ата-Мекен” фракциясы) Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом