Бишкек-Ош унаа жолунун 249-чакырымында бир метрге чейин кар көчкү түштү. Бул тууралуу Милицияныне жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка карагана, кар көчкүгө байланыштуу жол убактылуу жабылып, саат 1:30да ачылды.
Кечээ оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген Сосновка жана Чычкан посттору бүгүн саат 9:30дан тарта иштей баштады.
Азыркы учурда өлкө аймагындагы баардык каттамдар ачык.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз