Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
ЖЭБтеги кырсык: Жабыркагандар 80 пайыз күйүк алышкан (видео)
02.02.2024 | 11:36
Жылуулук электр борборундагы кырсыкта жабыркаган үч киши тең күйүк алган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Медербей Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, эки бейтап 80 пайыз күйүк алып (бети, мойну жана буттары күйгөн), абалы өтө оор.
Дагы бирөө 10 пайыз күйүк алды, анын абалы туруктуу.
Белгилей кетсек, ЖЭБде 2-февралда саат 03:00дор чамасында авария болду. Анда 5 кызматкер жабыркап, үчөөнүн абалы оор. Бишкекте ысык сууга чектөө киргизилди. Мектептер онлайн окууга которулуп, бала бакчалар жабылды.
https://reporter.kg/bishkektegi-zhebtegi-kyrsykt-5-kishi-zhabyrkady/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом