Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн температурасы кандай?

02.02.2024 | 20:04

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн абалы туруктуу. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынан билдиришти.

Алсак, «Электр станциялары» ААКнын филиалы – Бишкекжылуулуктармагы борбордун 66% ын жылуулук менен камсыз кылат. Саат 17:00гө карата көп кабаттуу үйлөрдө +17ден +22ге чейин жылуулук сакталып турат.

Борбордун түштүк-батышын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тейлейт. Бардык отканалар кадимки режимде иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 1-февралдан 2-февралга караган түнү Бишкек жылуулук электр борборунда жарылуу болгон.

Урматтуу шаардыктар! Жылуулук менен камсыздоо маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна кайрылууңуздарды суранабыз. Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 телефон номерлерине чалып, 0554-182-185 номери боюнча көйгөйлөрү бар сүрөттөрдү жөнөтө аласыз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top