Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Эмил Жамгырчиев камактан бошотулду
02.02.2024 | 19:12
Мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев камактан бошотулду. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров билдирди.
Анын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун 2-февралдагы чечими менен УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгынын Жамгырчиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчү канааттандырылып, эч жака кетпөө тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү.
Ал сот залынан бошотулду.
2-февралда Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Берилген арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар