Бишкек ЖЭБде дагы эки отказан ишке киргизилди

02.02.2024 | 23:40

Бишкек Жылуулук электр борборунда дагы эки отказан ишке киргизилди. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 21:55де ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө абанын температурасы 30 градустан 65 градуска чейин кармалууда.

“Бардык соргучтар күйгүзүлүп, жылуулукту туташтыруу улантылууда. Бишкек ЖЭБде дагы эки отказан ишке киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top