Жылуулук электр борборунда 6 отказан иштеп жатат

Жылуулук электр борборунда 6 отказан иштеп жатат

Бишкек жылуулук электр борборунда 6 отказан жана 3 турбоагрегат иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

3-февраль саат 09.00гө карата ЖЭБтин жалпы активдүү кубаттуулугу — 245 МВт, жылуу суунун чыгымы 20 500 т/саат, температурасы 35 градустан 68 градуска чейин. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 5.505.280 кВт.саат.

Дагы бир казан агрегаты жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатат.

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда кырсык  2-февралда саат 03:00 чамасында  болду.

Энергетика министрлиги атайын штаб түзүлгөнүн кабарлады. Бишкекти электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн өлкөдөгү ГЭСтерге кубаттуулукту күчөтүү тапшырмасы берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жылуулук электр борборунданы кырсыктан чычкан өрттү өчүрүүгө шаардын баардык райондорундагы өрт өчүрүүчүлөрдү тартты. Тилсиз жоо эки сааттан кийин, таңкы саат 05:05те толук өчүрүлгөн.

ЖЭБтин беш кызматкери түнү ооруканага түштү. Эки бейтап 80 пайыз күйүк алып (бети, мойну жана буттары күйгөн), абалы өтө оор. Дагы бирөө 10 пайыз күйүк алды, анын абалы туруктуу.

Экөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү. Жабыркагандардан президент Садыр Жапаров кабар алды.

Бишкек мэриясы муниципалдык мектептердин баары онлайн окууга өткөнүн кабарлады. 103 мектеп онлайн окуп, 94 бала бакча бүгүн иштеген жок.

Бишкекте 3,5,6, 7, 11, 12 жана 8-кичи райондун бир бөлүгүндө, 60 миң батирде жылуулук жок. “Бишкек жылуулук борбору” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеевдин билдирүүсүндө, жылуулук жок болгону менен түтүктөрдө суу айланып турат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ЖЭБке диверсия жасалгандыгы боюнча божомолу бар. Ал эми президенттин айтымында, кызматкерлер ката кетирип, көмүрдү көп жагып ийиши мүмкүн.

Башкы прокуратура ЖЭБтин жетекчилигине иш козгоду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>