Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Баткенде жоголгон орусиялык альпинисттин сөөгү табылды
23.02.2024 | 14:43
Баткен облусунун Лейлек районунда жоголгон орусиялык альпинист Евгений Глазунов каза болду. Бул тууралуу Mountain.ru сайты кабарлайт.
Анын сөөгү Аксуу чокусунан табылды. Ал түшүп келе жатканда таш кулап, басып калганы айтылат.
Белгилей кетсек, Глазунов 16-февралда акыркы жолу байланышка чыккан. Ал чокуга өзү жалгыз көтөрүлгөн.
Анын издөө иштерин ӨКМдин 7 куткаруучусу жана 3 орус альпинистти жүргүздү.
Аталган чокунун бийиктиги 5217 метр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар