Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат
Баткенде жоголгон орусиялык альпинисттин сөөгү табылды
23.02.2024 | 14:43
Баткен облусунун Лейлек районунда жоголгон орусиялык альпинист Евгений Глазунов каза болду. Бул тууралуу Mountain.ru сайты кабарлайт.
Анын сөөгү Аксуу чокусунан табылды. Ал түшүп келе жатканда таш кулап, басып калганы айтылат.
Белгилей кетсек, Глазунов 16-февралда акыркы жолу байланышка чыккан. Ал чокуга өзү жалгыз көтөрүлгөн.
Анын издөө иштерин ӨКМдин 7 куткаруучусу жана 3 орус альпинистти жүргүздү.
Аталган чокунун бийиктиги 5217 метр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар