Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат
УКМК кармаган министрдин орун басары кызматтан алынды
23.02.2024 | 14:11
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, Улан Чаначев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.
Коопсуздук комитетинин маалыматында, аталган министрликтин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом