Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Армения Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмундагы мүчөлүгүн токтотту
23.02.2024 | 17:00
Армения Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмундагы мүчөлүгүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян France 24 телеканалына берген маегинде билдирди.
Пашиняндын айтымында, уюмдун макулдашуулары сакталбай, айрыкча 2021-2022-жылдары мүчө өлкөлөр милдеттерин аткарган эмес.
Премьер-министрдин билдирүүсүндө, Россия армян элин бийлигин төңкөрүүгө чакырып, Москва ага каршы иш жүргүзүүдө.
Никол Пашинян Азербайжан Армения менен согушууга даярдык көрүп жатканын айтты. Анын пикиринде, Илхам Алиев тынчтык жолу менен маселени чечүүгө кызыкдар эмес, ал Арменияны “Батыш Азербайжан” катары карайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом