Айыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралуу
Бишкекте дайынсыз жоголгон Закирбек Бексыргаев изделүүдө
23.02.2024 | 17:11
Бишкекте дайынсыз жоголгон Закирбек Бексыргаев изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган Закирбек Бексыргаев 11-февралда “Арча-Бешик” конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. 12-февралда анын апасы милицияга издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Милиция Закирбек Бексыргаевди көргөндөр болсо, 0(312) 35-26-05, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.
Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, көзү кара, чачы кара, кыска
Кийген кийими: кара куртка, кара шым жана кара бут кийим