Баткен аркылуу Ходжентке өткөн оор жүк ташуучу унаалар күйүүчү майды Тажикстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташып өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматта транспорт эки өлкө биргеликте пайдаланган Ходжент-Канибадам жолу менен баратканы белгиленет.
«Күйүүчү-майлоочу заттардын транзити Тажикстанга үчүнчү өлкөлөр аркылуу эл аралык жүк ташуу тутумунун алкагында жүргүзүлөт жана арасында Кыргызстанда каттоодон өткөн транспорт каражаттары менен ишке ашырылат», — дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз