Сейсмолог: Кемин очогу кайра козголбойт, майда силкинүү болуп турат

Сейсмолог: Кемин очогу кайра козголбойт, майда силкинүү болуп турат

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президентти Канат Абрахматов Reporter.kg’ге Казакстандын сейсмологдорунун Кемин очогунун кайра козголушу боюнча маалыматын четке какты.

Анын айтымында, жер титирөөдөн кийин очок кайра 200-300 жылдан кийин козголот. Анын айтымында, Кемин өрөнүндө 3 миң, 10 миң жыл мурда зилзала катталган. Анын баарын бир очокко байланыштырууга болбойт.

«Кемин очогу 1911-жылы козголгон. Ал болду күл болуп өчтү. Андан бери 100 жыл өттү. Кайра козголуу үчүн тектоникалык чыңалуулар топтолушу керек. Так айта албайбыз, бирок арада 200-300 жыл өтүшү зарыл. Андыктан Кемин очогунда эч кандай күчтүү силкинүү күтүлбөйт», — дейт окмуштуу.

Канат Абрахматовдун билдирүүсүндө, Кыргызстандын аймагында майда титирөөлөр катталып турат.

«Бул жөнөкөй эле көрүнүш. Жыл сайын 9,5 миң жер титирөө катталат. Анын 5-10 жер титирөөнүн күчү 5-6 баллга жетип турат. 4-мартта болгон силкинүү – бул катардагы көрүнүш», — дейт сейсмолог.

Ал окмуштуулардын божомолунда Кыргызстандын аймагында жакынкы жылдары күчтүү зилзала күтүлбөстүгүн белгилейт.

Кыргыз-казак чек арасында жер титиреп, Алматыда сиреналар жаңырды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>