Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Видео: Бишкекте эки кыз көп кабат үйдүн чатырына чыгып алган. Милиция үн катты
08.03.2024 | 13:05
Бишкектеги Жал кичирайонунда эки кыз көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып алган. 7-мартта болгон окуянын видеосу АКИpress’ке чыккан.
Бул окуя боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы түшүндүрмө берип, кыздар аман-соо экенин билдирди. Алар көп кабаттуу үйдүн чатырына ойноп чыккан, жанын кыюуга аракет кылган эмес.
Милиция кызматкерлери видеодогу кыздар менен алардын ата-энесин таап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Аларга жанагыдай жоруктарды жасоого жол бербөө керектиги эскертилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом