Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Түркиядагы мелдеш: Бүгүн Махмудов, Тыныбекова жана Шаршенбеков күрөшөт
08.03.2024 | 11:34
Түркияда Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдеши өтүүдө.
Бүгүн, 8-мартта турнирдин экинчи күнү өтүп, кыргызстандык 12 спортчу таймашка чыгат.
Грек-рим күрөшү:
Жоламан Шаршенбеков (60 кг)
Раззак Бейшекеев, Тынарбек Шаршенбеков, Амантур Исмаилов (67 кг)
Акжол Махмудов (77 кг)
Мелис Айтбеков, Азат Салидинов, Атабек Азисбеков, Асан Жанышов (87 кг)
Кыз-келиндер күрөшү:
Кальмира Билимбек кызы (59 кг)
Айсулуу Тыныбекова (62 кг)
Нурзат Нуртаева (68 кг)
7-мартта башталган беттеш 10-мартта жыйынтыкталат.
Мелдештин биринчи күнүндө кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, грек-рим күрөшүнөн Үзүр Жусупбеков (97 кг) менен Автандил Таалайбек уулу (63 кг) коло байге утту.
Түркиядагы мелдеш: Айпери Медет кызы алтын, дагы эки балбан коло утту