Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Кантта жоголгон жаш келин дагы эле табыла элек
11.03.2024 | 19:00
Кант шаарынын тургуну, 19 жаштагы Жанарбек кызы Асел дагы табыла элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ал 15-февраль түнү саат 1:30да үйдөн чыгып кеткен.
Издөө учурунда анын курткасы, бут кийими, телефону Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган. Милиция ӨКМ менен бирге каналды издеп чыгышты.
Маалыматка караганда, Жанарбек кызы Асел эки ай мурда турмушка чыккан. Жакындарынын билдирүүсүндө, апасына аудио жөнөтүп, өлүп калса кимди күнөөлө керектигин айткан.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жаш келин боюнча маалыматтарды төмөнкү номурлар аркылуу кабарлоону өтүнөт:
- 0312 61-69-07, 03132 5-21-47, 0700 06-78-63, 0709 50-29-55.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом