Аялын сабап өлтүргөн экс-министр күнөөсүн мойнуна албай ачык сот өткөрүүнү талап кылды

Аялын сабап өлтүргөн экс-министр күнөөсүн мойнуна албай ачык сот өткөрүүнү талап кылды

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин соту Астана шаарында бүгүн башталып, алдын ала угуулар өттү. Бул тууралуу казак медиасы билдирди.

Прокурор Салтанат Нукенова каза болгон күнү, ал күйөөсү Куандык Бишимбаев менен бирге концертке барганын кабарлады. Ал жерде уруша кетип, экөө «БАО» ресторанына келет. Ал аялын сабап баштаганда, Салтанат Нукенова ресторандын бир бөлмөсүн ичинен жаап жашынат. Куандык Бишимбаев эшикти бузуп кирип, аялына зомбулук көрсөтүүнү улантат. Салтанат Нукенова ур-токмоктон көз жумат.

Окуя 2023-жылдын ноябрь айында болуп, Куандык Бишимбаев дароо камоого алынган. Ага адамды кыйнап өлтүрүү айыбы тагылган.

Бүгүн сотто экс-министр айыбын мойнуна алган жок. Ал журналисттердин катышуусунда ачык сот өткөрүүнү жана сот арачынын катышуусун талап кылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>