Орусиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы талкууландыМамлекеттик өнүктүрүү банкы Туюк дарыясындагы чакан ГЭСтин курулушун каржыладыТоктоп турган унаадан идиш-аяк уурдашкан. Бишкекте 2 киши кармалдыЧүй облусунда браконьерлерге 250 миң сом айып пул салындыКызмат көрсөтүү Кыргызстандын экономикасынын локомотиви бойдон калуудаСезондук соода жана тамактануу жайларын күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү сунушталды
Депутат: Ошто мектеп директору окуучу кызды сабап салыптыр (видео)
14.03.2024 | 11:58
Ош шаарында мектеп директору 9-класстагы окуучу кызды сабап салган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.
Депутаттын айтымында, ага кыздын чоң энеси, ата-энелери кайрылышкан.
“Ош шаарында кыжырды кайнатка окуя болуптур. Ломоносов атындагы орто мектептин директору Динара Алмаматова 9-класстын окуучусун классынан сүйрөп чыгып, “форманы туура эмес кийип келдиң” деп сабап салыптыр. Бул эмне деген акмакчылык?! Ушуга окшогон адамдар билим берсе, билим берүү мекемесинин директору болсо, балдарда кандай билим болот?”, – дейт депутат.
Депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго, билим берүү министрине жана укук коргоо органдары кайрылып, бул маселеге чара көрүүнү талап кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом