Илбирс, бөрү, улар: Чоң-Кеминдеги фотокапкандарга түшкөн жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыБишкекте этти арзан баада саткан фудтрактар иштөөдө (даректери)ММКФ 1,8 млрд сом бюджетти өздөштүргөн жок — Эсептөө палатасынын аудитиТаласта мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна ун кармалдыСовмин шаарчасындагы унаа дөңгөлөктөрүн уурдоо: Бишкекте шектүүлөр кармалдыЖаздан бери оңдолуп бүтө элек: Тургундар Көк-Дөбө — Ананьево жолунун абалына нааразы
Депутат: Ошто мектеп директору окуучу кызды сабап салыптыр (видео)
14.03.2024 | 11:58
Ош шаарында мектеп директору 9-класстагы окуучу кызды сабап салган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.
Депутаттын айтымында, ага кыздын чоң энеси, ата-энелери кайрылышкан.
“Ош шаарында кыжырды кайнатка окуя болуптур. Ломоносов атындагы орто мектептин директору Динара Алмаматова 9-класстын окуучусун классынан сүйрөп чыгып, “форманы туура эмес кийип келдиң” деп сабап салыптыр. Бул эмне деген акмакчылык?! Ушуга окшогон адамдар билим берсе, билим берүү мекемесинин директору болсо, балдарда кандай билим болот?”, – дейт депутат.
Депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго, билим берүү министрине жана укук коргоо органдары кайрылып, бул маселеге чара көрүүнү талап кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом