Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылдыЖК комитети инвесторлорго жер берүүнүн жаңы эрежелерин жактырдыДКО: көк бөрү жана көк парга кире албагандар билеттин акчасын кайтарууга 20-сентябрга чейин билдирме бериши керек
АКШ Tik Tok платформасын жапмакчы
14.03.2024 | 11:47
Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси Tik Tok социалдык тармагын жабуу боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Бул тууралуу CNN кабарлады.
Долбоор 352 колдоо таап, 65 конгрессмен каршы чыкты. Эми мыйзам долбоорун Сенат карап чыгат.
АКШ Tik Tok тармагынын кожоюну болгон кытайлык ByteDance компаниясына каршы чыгууда. Конгрессмендердин пикиринде, компания Tik Tokтон баш тартышы керек.
Мыйзам кабыл алынгандан кийин социалдык тармакка кытайлык компаниядан бөлүнүүгө 5 ай убакыт берилет. Болбосо ал АКШнын аймагында жабылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын бийлиги дагы аталган платформаны жабуу чечимин кабыл алып, бирок аны ишке ашыруу жолдорун тапкан эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом