“Мен – өзгөрүүдөмүн”: Бишкекте Кыздардын эл аралык күнүнө карата иш-чара өттүМуфтият дин кызматкерлерине шайлоого аралашпоону эскерттиПутин AZAL учагы кабылган кырсык боюнча Ильхам Алиевге кеңири маалымат берди«Евразия» паркындагы окуя. Акыйкатчы майыптарды басмырлоого жол бербөөгө чакырдыМанас шаарында кызга зомбулук көрсөтүү фактысы катталдыЖеневада UNECE 86-сессиясы: Кыргызстан “Менин үйүм” долбоорун таанытты
Жуманазарова баштаган балбан кыздар Олимпиаданын лицензиясы үчүн күрөшөт
26.03.2024 | 11:44
Кыргызстандык үч балбан кыз Олимпиадага жолдомо бере турган Азиялык лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Бишкекте 19-21-апрелде өтөт. Ага 53 кг салмакта Айжан Сабырбек кызы, 57 кг ченинде Калмира Билимбек кызы жана 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова катышат.
Аталган мелдеште ар бир салмакта финалга чыккан экиден спортчу жолдомого ээ болот.
Эскерте кетсек, буга чейин Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Айпери Медет кызы (76 кг) Олимпиадага лицензия алган.
Кыз-келиндер күрөшүндө 50, 53, 57, 62, 68 жан 76 кг олимпиадалык салмактар болуп саналат.