Ош шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталдыЖакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысы
Карындаштарынын ыплас сүрөтүн таркаткан 21 жаштагы жигит кармалды
26.03.2024 | 11:06
Кара-Балта шаарынын 21 жаштагы Э.А. Россияда кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ага Кылмыш-Жаза кодексининин 158-беренеси менен ыплас аракеттерге шектелип иш козголгон.
Милициянын маалыматында, шектүү өткөн жылдын май айында өзүнүн 9 жана 10 жаштагы карындаштары уктап жаткан кезде, алардын жыныс органдарын сүрөткө тартып, аны өзүнүн социалдык тармактагы аккаунттарына жүктөгөн. Анын баракчаларынан балдарга жасалган сексуалдык зомбулуктун дагы видеолору табылган.
Э.А. Россияга чыгып кеткендигине байланыштуу аны камакка алуу чечими чыгарылып, издөө жарыяланган.
Ал 22-март күнү соттун чечими менен бир айга Бишкек шаарындагы №1 Тергөө абагына камалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал