Кытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталдыЖакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысыЭми чет өлкөлүктөр Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алышы керек болотКыргызстанга картошканы сырттан ташып келүүгө алты айга тыюу салынды
Жуманазарова баштаган балбан кыздар Олимпиаданын лицензиясы үчүн күрөшөт
26.03.2024 | 11:44
Кыргызстандык үч балбан кыз Олимпиадага жолдомо бере турган Азиялык лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Бишкекте 19-21-апрелде өтөт. Ага 53 кг салмакта Айжан Сабырбек кызы, 57 кг ченинде Калмира Билимбек кызы жана 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова катышат.
Аталган мелдеште ар бир салмакта финалга чыккан экиден спортчу жолдомого ээ болот.
Эскерте кетсек, буга чейин Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Айпери Медет кызы (76 кг) Олимпиадага лицензия алган.
Кыз-келиндер күрөшүндө 50, 53, 57, 62, 68 жан 76 кг олимпиадалык салмактар болуп саналат.