Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Курал-жарактар 30-мартта Саруу айылындагы эски сүт-азык фермасынын аймагынан табылган. Табылган жарактардын ичинде «РГД-5» үлгүсүндөгү 2 кол граната, 2 кулак тундуруучу граната, 4 түтүн бомбасы, снайпердик мылтык үчүн 7,62х54 калибрдеги 16 патрон жана Калашников автоматы үчүн 5,45х39 калибрдеги 42 патрон бар.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.