«Куугунтук болбойт». Президент «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзамына кол койду

«Куугунтук болбойт». Президент «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров  «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзамына кол койду. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасында билдирди.

Ал эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай бул демилгени эмнеге колдоого алганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, айрым коммерциялык эмес уюмдар жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштеп келишкен.

«Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт», — дейт ал.

Садыр Жапаровдун пикиринде, чет өлкөлүк донорлор мыйзам кабыл алынып калса, камоолор жана куугунтуктар болорун айтып, Кыргызстандын  өкмөттүк эмес уюмдарын алдап жатышат.

«30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт», — дейт президент.

Ал Кыргызстанда эч кандай жашыруун маалымат жоктугун белгилейт.

«Ядерлик өлкө эмеспиз. Азырынча космоско учалы деп жаткан жокпуз. Биздин мамлекетте силерден жана силердин донорлордон жашыра турган жашыруун сырларыбыз жок. Колуңардан келсе миллиондорду эмес, миллиарддарды алгыла. Ал биздин өлкө үчүн пайда гана алып келет. Болгону мындан ары баарын ачык айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле деп жатабыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, аталган мыйзамдын автору Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова. Анда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталган:

  • «Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм», «чет өлкөлүк өкүл» түшүнүгү киргизилет.
  • Бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, саясий акцияларды уюштурууга жана  катышууга тыюу салынат. Ал саясый ишмердик болуп саналат.
  • Коммерциялык эмес уюмдар отчет берүүчү органдардын саны көбөйтүлөт.

Мыйзам долбоор күчүнө кирсе бир катар бейөкмөт уюмдары ишин токтотору айтылган. Бир нече эл аралык уюмдар дагы Нарматованын демилгесине каршы пикирин билдиришкен.

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>