Ташиев: «Жыгач генерал» Суваналиев эл оозундагы эпитеттерге татыктуу

Ташиев: «Жыгач генерал» Суваналиев эл оозундагы эпитеттерге татыктуу

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев “Азаттык” радиосун укпайт. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев “7-канал” телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Өмүрбек Суваналиевдин “Азаттыкка” коррупцияга каршы күрөш боюнча берген маегин укпагандыгын айтты.

“Эл сүйлөсө дагы ушул Суваналиев сүйлөбөй эле койсунчу. Анын деңгээлин, эмне үчүн аны өз убагында “жыгач генерал” жана дагы ыплас сөз менен атап алышканын 2021-жылы орун алган Баткен окуясы көрсөттү. Мына ошол өзүнө тагылган эпитеттерге толук татыктуу экени көрүндү. Дал ошол себептен кызматтан алынды», — дейт Камчыбек Ташиев.

Ал Өмүрбек Суваналиев генерал наамына татыксыздыгын белгилейт.

“Генералдык чинди жарым жылдай убакыт гана кызматта турган убагында көтөрүп жүрдү, бирок ошол убакыт ичинде деле элдин оозуна алына турган көп иштерди жасап койсо болот эле. Айтыңызчы, колго аларлык эмне иш кылды, оозун куу чөп менен аарчыгандан башка? Жеке мен кызматта иштеп турган убагымда генералдык наамды 6 жылдан ашуун убакыт көтөрүп жүрсөм, бул наамды алганыма жалпысынан 15 жылдай убакыт өтүптүр. Ким кандай иш жасады, эл тараза”, — дейт УКМК башчысы.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Суваналиев 2021-жылдын 4-майында Тажикстандын кол салуусунан кийин Баткен облусунун жетекчилигинен алынган. Бирок анда кызматтан кетирүүнүн себеби айтылган эмес. Суваналиев андан кийин бийликти жана УКМКнын төрагасын сындаган пикирлерин билдирип келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>