Дастан Бекешев: Кыргызстанда Салык кодексине 113 түзөтүү даярдалууда — негизгилериОш шаарында 110 орундуу медициналык борбор ачылдыКыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салындыСанкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалды
Ысык-Көлдө граната, ок-дары сакталган жер табылды (видео)
02.04.2024 | 11:35
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Курал-жарактар 30-мартта Саруу айылындагы эски сүт-азык фермасынын аймагынан табылган. Табылган жарактардын ичинде “РГД-5” үлгүсүндөгү 2 кол граната, 2 кулак тундуруучу граната, 4 түтүн бомбасы, снайпердик мылтык үчүн 7,62х54 калибрдеги 16 патрон жана Калашников автоматы үчүн 5,45х39 калибрдеги 42 патрон бар.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом