Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Бишкекте кайыр сурагандар милицияга жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
04.04.2024 | 09:00
Бишкектин Октябрь районунда милиция “Тилемчи” аталышындагы профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Аталган иштер 3-апрелде башталып, 7-апрелге чейин уланат. Ага райондук милициянын Коомдук коопсуздук кызматынын бардык кызматкерлери тартылды.
Бул иш-чаранын биринчи күнүндө милиция тилемчилик кылган адамдар көп жүргөн жерлерде (эл көп болгон коомдук жайларда, жолдордо, унаа токтотуучу жерлерде, соода борборлорунун жана мечиттердин жанында) рейд уюштурду. Анын алкагында милицияга кайыр сураган адамдар жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом