Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Ташиев: Эки жыл ичинде бюджетти 1 триллион сомго чыгарабыз (видео)
03.04.2024 | 21:00
Эки жылда Кыргызстандын бюджетин 1 триллион сомго жеткиребиз. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ташиев президент Садыр Жапаровдун командасы бийликке келген мезгилде өлкө бюджети 200 млрд сомдой гана болгонун, учурда ал 600 млрд сомго жеткенин билдирди.
“Кудай кааласа, эки жыл ичинде бюджетти 1 триллион сомго чыгарабыз. Ал бюджеттин баары элдин кызыкчылыгына иштейт. Бүгүнкү күнү бир дагы мамлекеттик чиновник бюджетти уурдай албайт, мамлекеттин, элдин байлыгына кол сала албайт. Биз кол салдырбайбыз”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Ташиев буга чейин эле 2022-жылы сентябрда өлкө бюджетин 3-4 жылда 1 триллион сомго жеткирүү милдети турганын билдирген.
Ташиев: 3-4 жылда бюджетибиз триллион сомго жетиши керек – видео
Рубрики: Жаңылыктар, Коом