Ысык-Көл райондук соту башка имаратка көчтү

Ысык-Көл райондук соту башка имаратка көчтү

Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук соту башка имаратка көчтү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Иш чарага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков дагы катышты.

Ал сот  тутумун материалдык-техникалык жактан  камсыздоону  жогорулатуу жана  сот  адилеттигин сапаттуу  жүзөгө ашыруу үчүн  ыңгайлуу шарттарды  түзүү бул  реформанын багыттарынын   бири  экендигин айтты.

“Ысык-Көл райондук сотунда отурум залдарынын жетишсиздиги, архивдерди жайгаштырууга бөлмөлөрдүн жоктугу  судьялар менен аппарат кызматкерлери үчүн ыңгайсыздыкты жаратып келген. Аталган райондук соттун жамааты менен болгон жолугушууда башка имараттарды караштыруу маселеси көтөрүлүп, тийиштүү тапшырмаларды дароо бергем. Бүгүн Ысык-Көл райондук соту аянты кенен, имараттын жайгашкан жери дагы ыңгайлуу экенин өзүңүздөр көрүп турасыздар», — деди Замирбек Базарбеков.

Административдик имаратта 6 судья, 17 аппарат кызматкери,  7 техникалык жана кенже тейлөө персоналдары эмгектенишмекчи. Анда медиаторлор үчүн жана жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн дагы бөлмөлөр каралган.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул эки кабаттуу административдик имарат  алгач Ысык-Көл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө ылайыктыштырылып 1979-жылы салынган.

Ал эми 2008-жылдын 15-августунда Ысык-Көл-Нарын облустар аралык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгына жаңыланган имарат катары пайдаланууга берилген.

Кийин Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына өткөрүлүп, үч миллион сомдон ашык суммага оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>