Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Азия чемпионаты: Махмудов атаандашын эки жолу көтөрүп чаап, финалга чыкты (видео)
15.04.2024 | 14:37
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Жарым финалда Махмудов ирандык балбан Амир Али Абди менен күч сынашты.
Беттештин биринчи бөлүгүндө, алгач, Али Абди Махмудовду килемдин сыртына түртүп чыгарып 1 упай алды. Андан кийин атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн ирандыкка экинчи упай ыйгарылып, Махмудов партерге жаткырылды. Ирандык балбан ыкма жасоого аракет кылып жатканда, Махмудов атаандашынын аркасына өтүп 2 упай алды. Андан соң Махмудов атаандашын эки жолу көтөрүп чаап, 4 жана 5 упай алды. Жыйынтыгында эсеп 11:2 болуп, Махмудов мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Эми алтын үчүн Махмудов япониялык Нао Кусака менен күрөшөт.