Баткенде сел каналынын курулушу жай жүрүүдө. Тургундар кооптонуп, президентке кайрылыштыКыргызстан менен Беларусь Минскиде алты кызматташтык документине кол коюштуБишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылатСадыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиКасымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырдыТашиев өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин ӨКМ жетекчисинин аракеттерин текшерүүгө чакырды
Азия чемпионаты: Махмудов атаандашын эки жолу көтөрүп чаап, финалга чыкты (видео)
15.04.2024 | 14:37
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Жарым финалда Махмудов ирандык балбан Амир Али Абди менен күч сынашты.
Беттештин биринчи бөлүгүндө, алгач, Али Абди Махмудовду килемдин сыртына түртүп чыгарып 1 упай алды. Андан кийин атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн ирандыкка экинчи упай ыйгарылып, Махмудов партерге жаткырылды. Ирандык балбан ыкма жасоого аракет кылып жатканда, Махмудов атаандашынын аркасына өтүп 2 упай алды. Андан соң Махмудов атаандашын эки жолу көтөрүп чаап, 4 жана 5 упай алды. Жыйынтыгында эсеп 11:2 болуп, Махмудов мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Эми алтын үчүн Махмудов япониялык Нао Кусака менен күрөшөт.