Тажикстанда «Кыргызстан-Тажикстан» достук коому түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.
Душанбедеги элчи Эрлан Абдылдаев Чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштар коомунун төрагасы Сайдулло Хайруллоев жана “Кыргызстан-Тажикстан” достук коомунун мүчөлөрү менен жолукту.
Тараптар элдик дипломатиянын механизмдерин колдонуу маселесин жана өз ара сапарларды, биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз