Жалпы республикалык тестке онлайн катталуу башталдыКыргызстан Индиянын аскердик-деңиздик машыгууларына катышуудаКазакстандагы конституциялык реформа: Парламенттин күчөтүлүшү, светтик статус жана салттуу баалуулуктарды бекемдөөБишкекте 77 жаштагы аял алдамчыларга 850 миң сом которгон. 22 жаштагы шектүү кармалдыАКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алуу талаптары күчөтүлдүКыргызстан боюнча пайдалуу саякаттаңыз: MBANK MTravel сервисинде 10% кешбэк ишке киргизди
Милиция активист Акжолтой Тукуновду кармады
19.04.2024 | 15:09
Активист, Монополияга каршы кызматтын директорунун мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов милиция тарабынан кармалды.
Маалым болгондой, ал 17-апрелде кармалган. Бүгүн, 19-апрелде сотто анын бөгөт чарасы каралууда.
Ал «массалык баш аламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча айыпталууда.
Тукунов 2022-2023-жылы Монополияга каршы кызматтан директорунун орун басары кызматын ээлеген.
Жергиликтүү ММКлар жазгандай, ага 2021-жылы “Фейсбукта” жазган билдирүүсү үчүн кылмыш иши козголгон.
Бул иш боюнча Чүйдүн милициясы маалыматты тактап берерин билдирди.