Июль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалууда
УКМК “KG групп” компаниясынын ээси Имамидин Ташовду кармады (видео)
22.04.2024 | 10:40
УКМК “KG групп” курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовду кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, Ташов 22-апрелде кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп (Алматыдан) Кара-Балтага баратканда Чүйдүн Кайыңды айылында кармалган. Ал Кара-Балтада күчтөрдү топтоо үчүн убактылуу штаб уюштуруп, андан кийин бийликти басып алуу максатында каршылык акцияларын өткөрүүнү пландаган.
Эскерте кетсек, быйыл январда “KG групп” компаниясынын ээси Имамидин Ташов андан УКМКнын кызматкерлери «чөнтөгүнө» 100 млн сом сураганын билдирген. Анын айткандарын Камчыбек Ташиев калп деп атап, «Ташов менен Тилекмат Куренов өлкөдө төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптаган. Ал экөө тең издөөгө алынган.