УКМК «KG Групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташовду кармады

УКМК «KG Групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташовду кармады

УКМК «KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Имамидин Ташовду кармады.

УКМКнын маалыматы боюнча, Т.И.А (Ташов Имамидин Асамидинович) жетектеген компания мэрия тарабынан 2009-жылы 280 орундуу бала бакча куруу үчүн бөлүнүп берилген жерге мыйзамсыз жол менен эки көп кабаттуу турак үй курган. Ошол эле учурда шаарда бала бакчалардын жетишсиздиги бар болгондуктан, аталган аймакта жашаган жарандардын балдары бала бакчасыз калган.

Коопсуздук комитетинен билдиришкендей, аталган турак үйлөрдү куруу үчүн документтерди жасоодо «Бишкек Главархитектура» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары «көмөк көрсөткөн». Алар «киреше» табуу максатында курулуш компаниянын жетекчилиги менен мыйзамсыз ишке барып, турак үй үчүн тиешелүү документтерди жасап беришкен.

Жыйнытыгында мамлекетке 52 млн сом зыян келтирилген жана ал акча ушул күнгө чейин төлөнүп бериле элек.

Имамидин Ташов 26-октябрда кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда аталган ишке тиешеси бара адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>