Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионаттардын мыйзамсыз деп аныкталган курулмалары буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, 27-апрелде аталган агенттиктин директору Нурдан Орунтаевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, президенттин Ысык-Көл облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен биргеликте объекттерди текшеришти.
Мамкурулуш тарабынан көл жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана аларды буздуруу иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз