Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Раатбек изделүүдө
01.05.2024 | 12:03
Чүйдүн Сокулук районунда 12 жаштагы Раатбек Камилов изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Раатбек Камиловдун ата-энеси кайрылып, уулу 29-апрелде саат 22:00до Ак-Ордо конушундагы Курманжан датка көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, баласын табууга жардам сураган.
Белгилери: бою 120-125 см, арык чырай
Кийген кийими: жашыл түстөгү күрмө (куртка), кара толстовка, күрөң түстөгү спорттук шым.
Милиция Раатбек Камиловду көргөндөр болсо, 0312 43-01-27, 60-75-67, 03134-5-33-80 (нөөмөт бөлүмү)же 0558 86-14-86 (издөө тобу) номерине кабар берүүсүн суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом