Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Ош облусунда жалгыз согуш ардагери дүйнө салды
01.05.2024 | 13:00
Ноокат районунун Чапаев айылынын тургуну, Ош облусундагы жалгыз согуш ардагери Карабай Базарбаевдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Карабай Базарбаев 1925-жылдын 20-майында туулган. 1931-жылы башталгыч мектебине 1-класска барып, ал мектептен 5-класска чейин билим алган. 1936-1940-жылдарда Чапаев колхозунан эмгек жолун баштаган.
Карабай Базарбаев 18 жаш курагында 1943-жылы согушка аттанып, Ленинград шаарында болгон. Каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом