Бишкекте адашып кеткен 7 жаштагы кыздар табылды

01.05.2024 | 13:30

Бишкекте адашып кеткен 7 жаштагы эки кыз табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, секелектер Жаш Гвардия булварындагы үйдүн короосунда ойноп жүрүп, жоголуп калышкан.

Ата-энесинин кайрылуусунан кийин, милиция бир нече сааттын ичинде шаарда адашып жүргөн кыздарды таап беришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top