Бакыт Төрөбаев «Тулпар Моторс» авто заводуна бардыЫсык-Көлдө Токтогул ГЭСинен да кубаттуу күн электр станциясы курулууда8-декабрь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайтЗергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти
Каракол шаарында 4 миң окуучу “Манас” айтты
02.05.2024 | 16:40
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 4 миң окуучу “Манас” айтты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бул иш-чара «Урааным Манас» аттуу республикалык кароо-сынактын алкагында өттү. Сынак манасчылар Саякбай Каралаевдин 130 жылдык, Уркаш Мамбеталиевдин менен Сапарбек Касманбетовдун 90 жылдык мааркесине карата уюштурулууда.
Өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан сынакка жалпы 500 миңдей окуучу катышары айтылууда.
Кароо-сынактын жыйынтыгы Кыргыз Улуттук «Манас» театрында май айынын аягында жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Сынактын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом