Сузакта жүк ташуучу унаа 29 баланы сүзүп кетти, 18и ооруканада (видео)

Сузакта жүк ташуучу унаа 29 баланы сүзүп кетти, 18и ооруканада (видео)

Жалал-Абаддын Сузак районунда Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы 29 баланы сүзүп кетти.

Окуя бүгүн, 2-майда Жерге-Тал айылында уюштурулган маданий иш-чара учурунда болгон. Алдын ала маалыматы боюнча, окуучулар «Манас» айтып жатканда, дөңгө токтотулган Porter жүрүп кетип, балдарды сүзгөн. Унаанын ичинде айдоочу болгон эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктаган балдардын курагы 9дан 16 жашка чейин. Учурда 7 бала облустук оорукананын реанимациясына жаткырылган, алардын үчөөнүн абалы оор деп бааланууда. Сузак райондук бейтапканага 3 окуучу, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна 8 бала жаткырылган. Алардын абалы орто оордукта.

Калган 11 балага жеринен медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Бул окуя министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө. Тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды», — деп билдирет министрлик.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>